www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнтөн баштап Казакстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирди. Ал 2020-жылдын 15-апрелине чейин созуларын казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирусту пандемия деп жарыялашынан улам казакстандыктардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келбесин деген максатта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

“Ошентип бүгүнтөн тарта коомдук жайларда тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурула баштайт. Соода борборлору, кинотеатр, театр, көргөзмөлөр сыяктуу эл көп чогулган жайлар ишин токтотту. Болгону азык-түлүк дүкөндөрү жана базарлардын айрым жерлери адаттагыдай иштей берет”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, өзгөчө шаан-шөкөт менен өтчү спорттук иш-чаралар, тойлор, салтанаттар толугу менен токтотулду.

Эске сала кетсек, Казакстанда 13-март күнү медиктер коронавирус жуктуруп алган алгачкы учурду аныкташкан. Учурда коңшу өлкөдө вирус жуктургандардын саны тогузга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости