www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Температура  30 градуска ысыганда коронавирус дароо жок болуп кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Сунь Ятсена (Чжуншань) университетинин изилдөөсүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, коронавирус +5 градустан +8,72 градус жылуу температурада жана 35-50 пайыз нымдуулукта жукса, абанын температурасы +8,72 градустан жогорулаганда, вирустун активдүүлүгү дароо түшө баштагандыгын көрсөткөн. Ал эми 30 градус ысыкта инфекциянын тездиги дароо нөл көрсөткүчүнө түшкөнүн окумуштуулар изилдеп чыгышты.

Адистер коронавирустун активдүүлүгү эң жогорку деңгээлге чыккан учур 20-январдан башталып 4-февралга чейин болорун айтты. Бул мезгил ичинде Кытайда жана дагы 26 мамлекетте вирустун 24 139 учуру катталган. Алардын 68,01 пайызы Хубэй провинциясында деп эсептелген. Адистер ар кыл шаарлардагы вирустун инкубациялык учурун, карантин чараларын эске алган.

Эске сала кетсек, Кытайдан тараган коронавирус учурда бүт дүйнөнү кооптондуруп, пандемияга айланган чагы. Ага Италия баш болгон европа өлкөлөрү көбүрөөк кабылды. Ал эми Казакстанда бир нече күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 адамга жетти. Кыргызстан бийлиги болсо, учурда вирус жуктуруп алган учур каттала электигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости