www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында жалган маалымат таратуу боюнча 1 факты катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери Короновирус келгендиги, ызы-чуу болбош үчүн айтылбай жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматты “Instagram” социалдык тармагы аркылуу тараткан аял кишинин өздүгүн такташып, ал Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы жашоочусу болуп чыккан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат.

Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат.

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости