www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун карааны Борбор Азияга кирди: Өзбекстан

Өзбектер жакында эле коронавирус Борбор Азияга кирбейт деп жатышкан. Бирок факт деген факт боюнча кала берет. Өзбекстанда төрт адам, Казакстанда тогуз адам коронавирус дартына чалдыкканы белгилүү болду. Буга чейин Борбор Азиянын бир да өлкөлөрүндө COVID-19  каттала элек эле. Эми Кыргызстанды көздөй жакындап келатат.

Өзбекстанда

Кошуна Өзбекстанда болсо төрт адам коронавирус илдетине чалдыккан соң 16-марттан баштап башка өлкөлөр менен байланыштырып турган авиа жана авто каттамдары жабылат. Темир жол каттамдары үч күнгө токтотулат. Билим берүү тармактары менчик жана мамлекеттик экендигине карабастан карантинге жабылат. Жогорку окуу жайынын студенттери үчүн аймактарда жашаса өз үйлөрүнө жетүү үчун 50 пайызка жол кире төмөндөтүлөт.

Кошуна Өзбекстанда бардык спорттук, маданий иш чаралар убактылуу токтотулат. Анын ичинде жакында боло турган Нооруз майрамына арналган жалпы элдик салтанат болбойт. Бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда жыйындар токтотулат. Өзбекстандын өкмөтү диний мекемелерге көпчүлүк катышкан иш-чараларды токтото турууга кеңеш берди.

Дарыканаларда тартыштык боло баштагандан улам бетке тага турган беткапты чыгаруу 10 эсе көбөйтүлөт. Чет мамлекеттерге бетке тага турган беткапты чыгаруу бүгүн, дүйшөмбүдөн баштап токтотулат. Дарыларга жана медициналык зарыл материалдарга атайын ызы-чуудан пайдаланып баасын көтөргөн жеке ишкерлер жоопкерчилик тартышат. Чет элдик өзбектер үчүн чартердик рейстер уюштурулат. Чет мамлекеттен өз мекенине кайтып келгендер үчүн эки жумалык карантинге жай бөлүнүп берилет. Коомдук унаалардын акыркы аялдамаларында жана темир жол депосунда ар бир төрт саатта дезинфекция болуп турат.

Өзбекстандын бийлиги башка мамлекеттердей болуп элди дүрбөп, ызы-чуу түшпөшүнө чакырды. Вирустун жагдайларын сезип калган жарандар үйүнөн чыгышпай, телефон менен билдирип турууга тийиш. Коронавируска байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков кесиптеши Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Коронавируска байланыштуу  тиешелүү маселелерди ортого салды.

Кыргызстанда
Коронавирустун жукпагандыгынын себеби Кыргызстанда кургак аба, өзгөчө климат же башка мамлекеттерде колдонулбаган, зыянкечтерден тазалануу үчүн пайдаланылган адырашман болушу мүмкүн. Кыргызстанда адырашман деп аташат. Ал эми ботаникада бул өсүмдүк гармала деген наамга ээ. Ал биздин заманга чейинки VII-V кылымдарда “Авесттин” доорундагы байыркы улуу зороастризмдик китептерде адырашман-тынчтандыруучу жана тазалоочу каражат катары сүрөттөлөт.  Аны менен бейтаптарды, храмдарды түтөтүп, сөөктү көмүү жөрөлгөлөрүндө колдонушкан. Эми бир гана адырашмандарга таянуубуз калды. Негизи бизге жолобой эле койсун. Күн эртерек ысып кетсе, бизден секирип кетсе дурус болмок.

Сактанганды кудай сактайт экен. Кыргыздар унду, этти жана башка азык-түлүктөрду талабай, дүрбөп, ызы-чуу түшпөй сабырдуу болушубуз керек. Башка мамлекеттерде коронавирус тууралуу кабар укса дарыканаларга кезекке туруп калышат экен, биздин Кыргызстанда коронавирус тууралуу кабар жетсе дүкөндөрго эл –толуп кетет. Негизи сак болуп вирустук инфекцияларга байланышкан суроолор жаралса, кайсы жактарга чаларын билип алуубуз керек.

Эгер өзүңүздү начар сезип жатсаңыз, ҮБМБ дарыгерлеринен маалымат алып, оорунун алгачкы баскычтарында эле күрөшүүгө болот. Биздин нөмөөттөгү ак халатчандар керектүү жардамды көрсөтүүгө ар убак даяр. Негизит өз алдыңарча дарыланууга болбойт.

Вирустук инфекцияларга байланышкан суроолор жаралса, Бишкек шаарында төмөнкү номерлерге чалсаңыздар болот.

  • Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгы — 31-87-67;
  • Ленин райондук ҮБМБ — 0990 888030;
  • №2 ҮБМБ — 0990 888028;
  • №11 ҮБМБ — 0990 888029;
  • №12 ҮБМБ — 0990 888031;
  • №13 ҮБМБ — 0990 888032;
  • №17 ҮБМБ — 0990 888033;
  • Октябрь райондук ҮБМБ — 0990 888036;
  • №15 ҮБМБ — 0990 888015;
  • №18 ҮБМБ — 0990 888035;
  • №19 ҮБМБ — 0990 888019;
  • Биринчи Май райондук ҮБМБ — 0990888071;
  • №7 ҮБМБ — 0990 888072;
  • №14 ҮБМБ — 0990 888073;
  • №16 ҮБМБ — 0990 888074;
  • Свердлов райондук ҮБМБ — 0701 103002;
  • №4 ҮБМБ — 0701 103001;
  • №8 ҮБМБ — 0701 103003;
  • №9 ҮБМБ — 0701 103004;
  • №10 ҮБМБ — 0701 103007.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости