www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы облусунда жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Алматы жолунда кыргыз жарандары түшкөн «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, эки адам мерт болгонун кабарлаган. Алардын бири Кыргызстандын жараны, экинчиси Кыргызстанда туулуп-өскөн Казакстандын жараны болгону такталган.

Ал эми унаанын айдоочусу оор абалда ооруканага түшүп, башына операция жасалган. Бирок эсине келбей өткөн түнү каза болду. Андан башка дагы эки жаран ооруканада дарыланууда.

Баштапкы маалыматка караганда, автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, автобус менен кагышкан.

Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы кыргыз консулдары маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча иштеп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости