www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияны канткенде жеңебиз?

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик мекемелер коррупция менен кантип күрөшүп жатканы талкууга алынат. Аны Коомдук кеңештердин координациялык кеңеши өкмөттүн аппараты менен бирдикте уюштурууда.

Аталган кеңештин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Айгүл Жунушалиеванын “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, иш-чарада айрым министрликтердин коомдук кеңештери өз багыты боюнча жасалып жаткан иштер, кемчиликтер туурасында доклад жасап, сунуш беришет.

- Бул иш-чара мамлекеттик мекемелер менен коомдук кеңештердин ортосундагы диалогду жакшыртуу максатын көздөйт. Буга чейин коомдук кеңештер ушундай сунуш менен премьер-министр Сапар Исаковго кайрылган. Ал оң жооп берип, ай сайын ушундай талкуу, коомдук угууларды өткөрүп турууга макулдугун берген. Ар айда ар кайсы тема талкууланып турат.

Январда Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери премьер-министр Сапар Исаковго ачык кат жолдоп, чогуу чече турган бир катар маселелер бар экенин белгилешкен. Алар коррупцияны жоюу, билим берүү, тартип коргоо, экономика тармагында реформаларды ишке ашыруу сыяктуу бир катар тармактар боюнча талкууларды өткөрүү сунушун айтышкан.

“Трансперенси Интернешнл” уюмунун 2017-жылдагы “Коррупцияны кабылдоо индексинде" 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 135-орунду ээледи. Өлкө мурдагы жылдарга караганда бир баскычка жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости