www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мангистау облусунун Мангистау районунда жылкылар кырылууда. Жергиликтүү журналист жана коомдук ишмер Жанибек Кожыктын билдиришинче, өлгөн малдын саны 300гө жетти.

Анын айтымында, жылкылардын өлүмүнө ноябрдан бери калың жааган кар жана тоюттун жетишсиздиги себеп болууда.

--"Мурда кыш жылуу болчу. Быйыл ноябрда кар, андан соң жамгыр жаап, жер тоңуп калды. Тоют бар, бирок өтө кымбат. 20 килограмм улпакты 1500 теңгеге сатып жатышат,",-деди ал. 

Мангистау районунун акиминин орун басары Аскар Аккулов мал жакшы каралбагандыктан кырылып жатканын айтты. Аткаминердин билдиришинче, быйыл пандемиядан улам тоют жетиштүү камдалган эмес.

Мангистау районунда 36 дыйкан чарба мал менен алектенет. Статистикалык маалыматтар боюнча аймакта 24 миң жылкы, 10 миң ири мүйүздү мал, 27 миң төө, 126 миң кой, 49 миң эчки бар.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости