www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Казакстан калкына" фондуна ар кандай өтүнүчтөр, анын ичинде үй-бүлөлүк салтанат жана башка иш-чараларды өткөрүп берүү сунуштары түшүп жатат. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Белгилей кетсек, январь айында президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен "Казакстан калкына" социалдык фонду түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага 115,5 миллиард теңге (270 миллион доллар) түштү. Ага ири бизнесмендер, ишканалар, банктар, жадагалса Нурсултан Назарбаевдин фонду дагы каражат которууда.
Аталган фондуга 13 миң сунуш түшкөн. Анда казакстандыктардын эмне сурап жатканы белгилүү болду.
"Сайт жана социалдык тармактагы мессенжерлер аркылуу турак жай, автоунаа сатып берүүнү, кредит жана башка карыздарын төлөөнү, үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүп берүүнү сурап жатышат", — деп билдирген фондудан.
"Казакстан калкы" фонду бардык көйгөйдү чече албастыгын, андыктан приоритеттүү багыттар тандалганын маалымдады. Ага ылайык, балдардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, спорт жана билим берүү инфраструктураларын жакшыртууга каражат бөлөт.
Мындан сырткары, фонд бала асырап алган, майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө жардам берет. Ошондой эле январь окуясында жабыркагандарга жана каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен аскерлердин үй-бүлөлөрүнө көмөк көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg