www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевдин элчи болушун депутат Түмөнбаев чечтиби?

“Атамекенчи” Акылбек Түмөнбаев лидери Өмүрбек Текебаев үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Германияга элчи кылууга шарт түзгөнүн эшиттик. Көшөгө артынан ыңгайсыздык, оорчулук жаралса да максатына жетиптир... Дал ушул ийгиликтин башаты былтыр башталган.

Өткөн жылдын биринчи жарымында Текебаев бийлик менен бир канча ирет сүйлөшүп, ымалага келишип, Германияга элчи болуп кетмек. Агреман да келген. Бирок август айында партиялаштарынын суранычын кыя албай, “Ата Мекенди” жетектеп, парламенттик шайлоого аттанууга аргасыз болгон эле.

Саясаттын айынан президент Садыр Жапаров менен бир канча ирет айтышып, күрдөөлдүү күздө кыйла эле тирешип турду. Бирок, партиясы шайлоого өтпөй калгандан кийин эмне кылмак? Оппозиция лидери катары бийликке каршы күрөшүү милдети турду.

Мындай жагдайда ортомчусу жарашып, Текебаевдин жыдый элек элчилик креслосун кайра алуу машакаты оңунан чыкты. Бул көрүнүш бийлик үчүн утуш.

Таасирдүү саясатчыны колго алып, душманды дос кылган Садыр Жапаров айкөлдүгүн көрсөттү. Кийин көрөгөчтүк кадам болгону бааланабы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости