www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн арыз жазылды

Журналист Акылай Маратова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.

Акылай Маратова арызды министрдин таластыктар тууралуу айткан сөзү боюнча жазганын, кечирим суроо аздыгын, анын сөзүнө укуктук баа берилиши керектигин айтты.

“Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөргөн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн эч бир жарандан арыз келип түшпөгөнүн, эгерде маалымат түшсө башкы прокуратура текшерүүгө аларын билдирди.

Кечээ, 9-февралда башкы прокуратуранын сайты аркылуу министрдин айткан сөзүнө укуктук баа берилүүсүн талап кылып онлайн арыз жаздым. Министр кечирим сурады, бирок анын айткан сөзүнө мыйзамдын негизинде укуктук баа берилиши керек. Анткени ал жөнөкөй жаран эмес министрлер кабинетинин өкүлү”, - деди Маратова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости