www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жеңишбек Токторбаев бир жума кеч ойлонобу?

Өткөн жумада вице-премьер-министр Эдил Байсалов парламент депутаттарына кеңеш берүү маанайында сын айткан. Айткан сөзү кыргызчадан орусчага которулганда, мааниси өзгөрүп кетиптир.

Бул боюнча талаш-тартыштар жаралып, аягы жыйынтыкталган. Эдил Байсалов спикер Талант Мамытовго жолугуп, ортодогу маселени талкуулашып, мунасага келишкен эле. Тилекке каршы, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев өткөн жумада уктап калганбы, айтор, кечээ парламенттен үн чыгарып, күпүлдөп алды. “Оозунан ак ит кирип, кара ит чыккандай” эле шыбады. Кайран гана жогорку трибуна!

“Темирди кызуусунда чап!” дейт. Вице-премьерге байланыштуу маселе бир жума мурун эле талкууланып, эки тарап бир пикир келишкен. Маселеге чекит коюлган эмеспи. Анан Токторбаев түшүнөн чочугансып эле айгайлап, же бир жума кеч ойлонобу, чак түштө атырылып чыкты го? “Ал минтип айткан, мен минтип жооп берем” дегендей базар деңгээлиндеги кепти козгоп, майдаланып, жеткен дараметин көрсөтүп койду. Баракелде! Эми дейбиз?

Эдил Байсалов депутаттардын мурдагыдай укуктары жок экенин эскертип, жаңы Конституция боюнча жашоого үндөп, күндө эле талаш-тартыштын, популизмдин үстүндө отурбай, баардык мамлекеттик органдар элдин жаркын жашоосуна кам көрүү керектигин билдирип, реалдуу чакырык таштаган. Анан контексттен улам бир сөздү жулуп алышып, талкуулай беришеби? Түшүнбөгөндөр аркандалган сыңарындай эле айланып калышканбы?

Аныгында, Байсалов эл аралык алкактагы саясатчы, соода-сатыктан келгендерге кылы да кыйшайбайт! “Семь секунд кап этпейбиз” дегендей...

Булак: Азия News гезити

Последние новости