www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында, Лебап жана Балкан облустарында жарандар ак түстөгү беткаптарды гана тагынып жүрүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Turkmen.news өз булактарына таянуу менен билдирди.

Ал ортодо түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жок деген пикиринен кайта элек.

Лебап облусунун административдик борбору болгон Түркмөнабад шаарында аткаминерлер менен окуучулар ак түстөгү беткап тагынууга милдеттендирилди. 6-18-ферваль аралыгында текшерүү иштери жүрөт, кара же түстүү беткап үчүн мугалимдер менен директорлоргө сөгүш жарыяланат.

Ушундай эле талап Балкан облусунун Түркмөнбашы шаарындагы мектеп жана бала бакчаларга да киргизилди. Мекеме кызматкерлерине балдарды тыкыр көзөмөлдөөгө тапшырма берилип, ата-энелер менен чогулуштар өткөрүлдү. Айрым жерлерде медициналык гана беткап колдонулушу керектиги айтылды.

Ашхабадда былтыр декабрдан бери эле МАИ кызматкерлери айдоочуларды токтотуп, ак беткап тагынып жүрүүнү талап кыла башташкан. Январдан тарта жөө жүргүнчүлөргө, студенттерге жана окуучуларга да ушундай эле талап коюлуп жатат. “Туура эмес беткап” тагынгандарга 50 манат же 14,3 доллара айып пул салынууда.

2021-жылы Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелердин автоунааларынын баары ак түстө болушу керек деген жаңы эреже киргизилген. Түркмөн бийлиги күңүрт түстөгү унааларды пайдаланууга 2017-жылы декабрда бир катар чектөөлөрдү киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости