www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат болом деп талпынгандардын арасында кимдер бар? Бийлик “сал, сал, сал билек”, - деп эркелетип “салбилек” кылып жүрчү билектүү Салянова деген кызыбыз учурунда прокуратураны чарк айлантып турган. Азыркы бийликте тургандарды чычканды ойноткон мышыктай алаканына салып, камерага эч күнөөсүз тыгып да салчу. Кыргызстанды дүңгүрөткөн Азиз Батукаевди бошотууда эмгеги сиңген. «Айран ичкен кутулат,челек жалаган тутулат» дегендей Батукаевдин иши боюнча камалып, кандайдыр бир себептер менен камактан бошотулган. Ал эми ушул иштер боюнча Алмазбек Атамбаев тутулуп жатат.

 Бешинчи парламентте, коалициялык көпчүлүктөгү фракция жетекчилеринин “дандуусу” бийликчил депутаттарды топтоп түлөөгө чакырат. “Түлөөнү эмнеге багыштап берип атасыз?”-деген суроого, ал: «Түшүмө Аида Салянова кириптир, кудай андан алыс кылса экен деп түлөө өткөзүп жатпаймбы”- деген имиш.

Ооба, Аида Салянова депутаттардын жана башка атка минерлердин жүрөгүнүн үшүн алып бүтүргөн. Кылмышкерлерге кылмыш козголсо мейли, бирок “саясий кине” коюп, Жапаровго, Ташиевге, Мамытовго, Келдибековго  кылмыш ишин козгогону кандай? Салянованын кылмыш ишин козгоо боюнча чыгарган токтомунун өзү туура эмес экендигин эксперттер айтышкан.

 Башкы прокурорлор көп эле алмашты. Алардын арасында Азимбек Бекназаров сыяктуу өз алдынча иш жүргүзгөндөр бар, көпчүлүгү президенттер менен иштешип, кызматынан кетишсе да, унчукпай кете беришет. Көптөгөн адамдарга жалаа жаап каматкан Аида Салянова аларды каматканы үчүн «Манас» орденин Атамбаевдин өз колунан алган. Алардын ичинде азыркы бийлик башындагылар да бар. Ал Башкы прокурордон кетер менен тыбырчылап жөн жаткан жок, ошондуктан өзүнүн башына балээлерди үйүп алды. Элге ууланган көмүрдү таратканга аралашыптыр. Батукаевди сыртка кетирүүдө Башкы прокурор катары катыштыгы бар экен. Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылып келген экс башкы прокурор Аида Салянова ошол кездеги иштин кандай болгону тууралуу видео аркылуу ачык айтып берген. Батукаевге карата болгон иште дарыгерлердин ал адамдын аз өмүрү калганы тууралуу кагазы болгону чындык экенин баса белгилеген.

Аида Салянова Алмазбек Атамбаевдин ишеничтүү Башкы прокурору болуп, далайлардын убал-сообуна карабай, түрмөгө «путевка» берген. Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши Аида Жеңишбековна менен тыгыз байланыштуу. Бирок эмнегедир жазаны Атамбаев жалгыз тартып, Аида Салянова аппак куу болуп жүргөндөй. 2020-жылдын ноябрында Салянова “тирилип”, ал маалымат аркылуу Садыр Жапаровдун 1,5 миллиард сомду эсептен чыгарды деген билдирүүсү тууралуу түз эфир уюштурган.

Эфирдин башында эле ал Садыр Жапаровдун 2012-жылдан бери интернетте жигердүү тарап келген видеолорунун бирин көрсөттү. Видеодо Садыр Жапаров 2009-жылы Аида Салянова "Кумтөргө" 1,5 миллиард сом салыкты кечип салган деп айтып, кол коюлган жарлыкты көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. "Бул карандай калп! Мен өз убагында мындай сумманы эсептен чыгарган эмесмин", - деген мурдагы башкы прокурор. Бирок ал чыгарбаса ким чыгарды?

Аида Салянова кимдерди каматкан? 2012 –жылдын 22 –июнунда ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште Нариман Түлеев мэр болуп турганда автобустар үчүн $1 млн 412 миң сомду мыйзамсыз алган деп билдирүү жасап, аны 4 жыл жалган жалаа менен тордун артында кармап турган. Салянова Башкы прокурордон кеткен соң бул иш оң чечилип 2О15-жылы май айында Нариман Түлеев эркиндикке чыкты. Аида Салянованын аксымдыгы ошол боюнча калып калган жок ал Башкы прокурор болуп туруп 2О12-жылдын күзүндө Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду мүңкүрөтүп, Укук-Кылмыш Кодексинин 295 жана 297 беренеси боюнча жайга чейин жазыксыз 8 ай камаган. 2013-жылдын жайында Саляновага салаасынан баш бармагын көрсөтүп Бишкек шаардык сотунун судьясы Курманкул Зулушев актап чыккан. 2О13-жылдын ноябрь айында мурунку экс-спикер Акматбек Келдибековду тооруп ага учурунда Соцфондду жана Салык кызматын жетектеп турганда кылмыш иштерин жасаган жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары Орусияда парламенттин өкүлчүлүгүн туура эмес ачкан деген жалган шылтоолор менен Башкы прокурордон түшкүчө 304 –берене менен асылып келген. Булар эми «киттер» ал эми майда болгондор тууралуу санабай эле койолу. «Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калба» дейт. 2014 – жылдын декабрдын аягында Аида Салянова «Манас» ордени менен сыйланат да, көп өтпөй австриянын «Хэнделс» компаниясын колдоп жүргөндүгүнүн айынан Башкы прокурордон кетет. Эки жылдан соң 2016- жылдын 26 – декабрында Башкы прокуратура Аида Салянованын үстүнөн кылмыш ишин козгойт. Деги өзү 70 миң долларлык, жубайы 120 миң долларлык кымбат машиналарды тээп жүргөн Салянованын башына неге мынча «кара булут» айланды? Аида Салянованын өзүнө 304 – берене боюнча кылмыш иши козголгон. Аида Салянованын мойнунда бир топ иштер турганы менен ал же Атамбаевге, же башкага туура пикирин айта албай титиреп тургандай.

"Альфа Телеком" акционердик коомунун аркасында «Чубактын кунундай чубалган» окуялар болуп келатат. Эң башында ал Орусиянын экс-байланыш министри Леонид Реймандын жакындары контролдогон "БимоКом" ЖЧКсынын карап турган. Албетте, «Мегакомдо» Акаевдин үй-бүлөсүнүн да өз кызыкчылыгы болгон, бирок 2ОО5-жылдын мартындагы бийлик алмашуудан соң бийлик тарабынан кысымга алынган. Алексей Елисеевдин оффшордук компаниясы болгон Forntek Enterprises Ltd «БимоКом» ЖЧКсынын 49 пайызын өзүнө Гонконгдо каттатып алган соң бул компанияга болгон көз артуулар тараган.

2ОО9-жылы «БимоКом» ЖЧКсынын ээлери орусиялыктар менен Алексей Елисеевдин ортосунда болгон чыр-чатак анын бул компанияны толук ээлеп алуусуна мүмкүндүк берет. Жаңы кожоюндун ар түрдүү айла-амалдарынан соң «БимоКом» атайын банкротко учурайт да, анын негизги базасын "Альфа Телеком" сатып алат. Бул операцияны Алексей Елисеев так эсептеп жүргүзгөн да, "Альфа Телекомдун" акцияларын эки офшордук компанияга өткөргөн. Алардын бири Белиздеги Southfield Management Inc. (99%), ал эми экинчиси– Жаңы Зеландиядагы Vesatel Unitedке (1%) катталган. Бул экөө тең Алексей Елисеевге тиешелүү болгон.

Бирок, 2010 жылы апрелде болгон бийлик алмаштыруу Алексей Елисеевдин бул оюнунун ашмалтайын чыгарган. Бийликтин алмашышы менен "БимоКомдун" мурунку ээлери Реймандын эмиссарлары пайда болуп, Алексей Елисеевди ачык «кидать» этишип, Убактылуу Өкмөт менен "Мегакомдун" 49 пайыз акциясын улутташтыруу чечимине келишкен. Чарбачылык кылуу үчүн Реймандын кишилери отурган. Калган 51% акциясы Алексей Елисеевдин Southfield Management Inc. жана Vesatel United компаниясынын ээлигинде калган. Эмне үчүн "Альфа Телеком" компаниясынын 51 пайызы улутташтырылган эмес? Чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн, азыркы болуп жаткан интригалардын негизи түйүнү мына ушул жерде жатат. Анткени Рейман «Мегакомго» тиешелүү бардык активдерди кайра «БиМоКомго» алуу үчүн ушул жолго түшкөн. Ал үчүн учурунда Алексей Елисеев бул компанияга жалгыз ээлик кылуу үчүн орусиялык партнерлорун «кидать» этип, жанталашып мыйзамдаштырган сот чечимдерин жокко чыгаруу зарыл эле. Алексей Елисеевдин "Альфа Телеком" компаниясы үчүн башын чагалдак аттырып иштеп, финансылык кетирген кемчиликтери үчүн соттолгон Роза Рыкунова бир нече ирет орусиялыктар кыргыз атка минерлерин сатып алуу үчүн 5 миллион АКШ долларын сатып алгандыгы тууралуу билдирген. Мейли ал соттолгон аялдын сөзүнө ким ишенсин бирок айтылуу саясатчы учурунда «Ата-Мекен» партиясынан парламентке депутат болгон Өмүрбек Абдрахманов өзүнүн ал кездеги кожоюну орусиялыктардан миллион доллар алганы тууралуу айтканы ошол кезге айкаш болуп жаткандай. Ал кезде анын кожоюну бир гана партиянын лидери эмес, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары катары коопсуздук органдары менен сотко таасири чоң болгон. Кээ бир «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн айткандарына таянган Абдрахманов өз айткандарынанан кайра тартпай бекемдегенине караганда анын учурундагы жетекчилери ал жактан миллион доллар алышып партиянын чыгымдарына жумшаган. Бирок мындай ири суммадагы акча демөөрчүлүк жардам катары жөнөтүлбөсүн түшүнгөн киши жакшы билет, балким ушул акчаларды «өлгөн иттин жыты саңырсып» турбасын? Балким ошол берилген акчалардан улам «Альфа Телеком» компаниясынын 51 пайызы улутташтырылган эместир? Орусиялыктар ошол 51 пайызды өздөрү ээлеп алыш үчүн ошол мезгилде «Альфа Телеком» толук 1ОО пайыз улутташтырылбай калгандыр?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости