www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы-Өзөндө «Бургылау» компаниясынын жумушчулары иш таштады

9-февралда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында «Бургылау» мунай-сервис компаниясынын жумушчулары иш таштады. Алар компания жетекчилерине ашыкча саат иштегендиги үчүн акы төлөө, иш шарттарын жакшыртуу жана башка бир катар талап койду.

Айрым маалыматтарга караганда, акцияга 400-500дөй адам чогулду. Компанияда 2 миңдей киши эмгектенет.

Жумушчулар шаршембиде алар менен директор юристтердин коштоосунда жолукканын, иш таштоону токтотууга көндүрүүгө аракеттенгенин айтып беришти. Жумушчулар аларды коркутуу аракети болгон деп эсептешет.

Алар эскилиги жеткен жабдуулар менен иштешкенин айтышты. Компания өкүлдөрү иш таштоо тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

Буга чейин «МАЭК–Казатомпром» ишканасынын миңдей кызматкери бир нече күн маянаны көтөрүүнү талап кылышкан. Кийин нааразылык акциясына KMG-Security ишканасынын жумушчулары чыкты.

Шаардагы жумушсуздар январдын аягынан бери иш менен камсыз кылууну талап кылып келишет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости