www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын территориясында, тагыраак айтканда, Токмокко жакын Черная Речка айылынын жанында жүк машиналар 10 күндөн бери кармалып турганын Economist.kg басылмасына өздүк булактар маалымдашты.

Алардын айтымында, жүктөрдү кыргыз тарап кое бербей жатат.

«Негизи казак тараптан көйгөй жаралчу эле, бул жолу кыргыз тарап өткөрбөй жатат. Себебин билбейбиз, сурасак, Бажы кызматынын жетекчилиги алмашкандыгына байланыштуу деп айтышты. Бир дагы машинаны өткөрбөй жатышат. Тез бузулуп кетчү мөмө, жашылча-жемиш алып келе жаткан жүк машиналар да турат. Аларды дагы эртең өткөрөбүз деп эле алдап жатышат», – дейт жүктөрү чек арада турган ишкер.

Бир жумадай тургандан кийин айдоочулар чек ара ачылганда келебиз деп Кыргызстанга үйүнө кетип калышкан.

«Бирок кайра келишкенде деле кое беришкен жок. Чек арада жүктөр турат деген эч бир жаңылык да жок. Өзүң кирип чыксаң боло берет, бирок жүктү өткөрбөй жатат», – дейт ал.

 

Последние новости