www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдошбаев Камчыбек деген «уялчаак» депутат болгон, өзүнүн атын бир көчөгө коюп, эстелик куруунун камын ойлоп жүргөн. Албетте, чоң кызматы барлар автобуска түшсө уялып кетчү Жолдошбаевге деле автобустун жанында эстелик курса жарашып калмак. Ал эми Турдакун Усубалиевке эмгиче эстелик тургузбаганыбыз уят. Жакында уятыбызды жууп кичи мекени Кочкорго эстелик тургузулду. СССРдин убагында 25 жыл бир республиканы башкаруу чанда болгон. 1995-жылы Жогорку Кеңешке легендарлуу парламенттин аягында келген Усубалиев кайрадан депутат болууга аттанат. Ал мезгилде трайбализм чегине жетип турган. Парламент эки палаталуу болуп турган, эл өкүлдөр жыйынына мурунку Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев талапкердигин коюп,ченемсиз добуш менен депутаттыкка келет.
Турдакун Усубалиев чейрек кылым Кыргызстандын компартиясын жетектеп турган. Ошондуктан, ал тууралуу атаандаштары иликтегендей көп нерсени табууга болот. Усубалиев КПСС Борбордук комитетинин мүчөсү болуп турганда эки жолку Социалисттик эмгектин баатыры, 1959-жылдан 1983-жылга чейин Өзбекстан компартиясынын биринчи катчысы Шараф Рашидов КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна мүчөлүгүнө талапкер болуп турган. Ал кезде мамлекетти Саясий бюро чечип турган. Ошондуктан, Шараф Рашидовдун айткан сөзү Усубалиевге караганда Саясий бюродо айтылып турган. Ал кезде Өзбекстандын пахтасы СССРдин экономикасында чоң роль ойноп турган. Кийин гана Өзбекстан Орусиянын пахта заводдоруна пахтаны кагаз жүзүндө гана жиберип турганы билинип, чоң коррупциялык схемалар ачылган. Шараф Рашидов КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна Өзбекстанда пахталарды сугаруу үчүн суу жетпей жатканын, эгер Кыргызстандагы Соң-Көл көлүн пахта талааларына бура турган болсо суу көбөйөрүн, суу көбөйсө Өзбекстанда пахта аянттары да көбөйүп, көбүрөөк пахта алынарын айткан.
Ал кезде Турдакун Усубалиев КПСС Борбордук комитетинин мүчөсү гана болуп турган. Эгер бул маселени Саясий бюро Шараф Рашидовдун айтканы боюнча чече турган болсо Соң-Көл көлү жер жүзүнөн таптакыр жок болуп, ал жер экологиялык катуу кырсыкка учурамак. Турдакун Усубалиев Шараф Рашидов менен бул маселе боюнча макул болгон эмес. Соң-Көл көлүн сактап калуу үчүн ал кездеги КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна мүчөсү, Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Динмухаммед Кунаев менен жолугуп, кокус Соң-Көл көлүн пахтаны сугаруу үчүн буруп кете турган болсо канчалык Борбор Азия зыян тартарын түшүндүргөн. КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросунун отурумунда ушул тууралуу каршы чыгып айткан, ал эми аны КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна мүчөсү, Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Динмухаммед Кунаев колдоп Соң-Көл көлүн пахтаны сугаруу үчүн пайдалануу чечими кабыл алынбай калган.
КПСС Борбордук комитетинин мүчөсү Турдакун Усубалиев биринчи катчылыктан түшкөн соң да саясаттан колун үзгөн эмес. Ал депутат катары легендарлуу парламентке шайланат. Шайлоо учурунда азыркыдай өздүк жүздү же биометриканы тастыктаган паспорт жок, бир гана адам келип он чакты адам үчүн добуш берген учур болгон. Ал кезде ким депутат болсун деп жогортодон чечип коюшкан. Ал менен эч ким талашып да жүрчү эмес, депутат болсо болсун деп койчу. Азыркы депутатка талапкерлердин шайлоо алдындагы сөздөрүн уккан адам булар бийликке келгиси келип турганын гана аныктайт. Тарыхты карап көрсөк күчтүү депутаттар 1995-2005-жылдары жарышка аттангандар окшойт. Ал кезде эң сабаттуу адамдар гана депутат болууга умтулган. Анткени кармаш катуу болгон. Азыр сабаттуулук акыркы орунда, эң биринчи орунда эптеп парламентке келиш керек болуп калыптыр. Усубалиев андан соң биринчи парламентке депутат катары аттанат. Усубалиев биринчи жана экинчи чакырылыштын депутаты болгон соң үчүнчү парламентке депутаттыкка аттанат. Ушул жерден Акылбек Жапаров ага сыйыртмак сала баштаган. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg