www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Оосурган кыз, оосурбагандын бетин тытат” – эл макалы
Акыркы күндөрү арсыз арабөк саткын молдолордун анык жүздөрү ачылды. Аш-тойлордогу союлган малдарды жана жайылган дасторкондорду бетке кармаган динбаштар: “Аш тойлорго бөгөт коюп, атүгүл, өлгөнгө дагы чычкак улак сойдурбай, денеси муздай электе тезинен көмүп салуу керек...” – деген арам ойлорун ишке ашырышты. Болгондо да, азыркы ажону мажбурлап көндүрүшүп, жагымсыз жансыз Жарлыкты чыгартышты.
Ал эми, чындыгында, накта ысырапкорчулукту кимдер иш жүзүндө жасап жайылтып жатышат? Так ушул арамза саткын молдолор. Анткени, жыл сайын миңдегендерди чоң жана кичи Умрага Сауд Арабиясына жөнөтүшүп, ар бир ажылыкка барган жаран беш миң долларды ошол жакка калтырып жатышат. Туурабы? Эгерде, ошол каражатты элдин социалдык тармагына жумшаганда, анда, жүздөгөн мектеп, бала бакча, оорукана, бейтапкана, медициналык лабораториялар ар бир Кыргызстандын аймактарына курулуп, ачылып анын убайын жалпы жумурай журт көрүп, жыргап калышмак. Ошондо, чыныгы соопчулук болмок да! Туурабы? Маселен, айрым намыскөй атуулдар жылдап чогулткан беш миң долларын ажылыкка жумшабастан, айылына сонун көпүрө салдырып же арык чаптырып суу чыгарып койгон азаматтар бар экен. Эли аларга абадан ыраазы болушуп, ал көпүрөнү анын атынан аташып, урмат-сыйга алышып, жүз ажыга барган пенделерден миң эсе кадыр-баркка ээ болуптур!
Экинчиси, курман айт, орозо айттан кийин канчалаган малдар союлат. Алардын ичеги-карыны, баштары, шыйрактары, терилери додолонуп таштандыда сасып жайнап калат. Чынбы? Анан ушуну накта ысырапкорчулук – дебегенде, анан эмне дейбиз калайык калк?
Андыктан, ысырапкорчулуктун анабашында динбаштар өздөрү турушкандары талашсыз көрүнүш. Анык ыпыластык ысырапкорчулук ушулар жасап жатышат. Же болбосо, жалганбы?
Ал эми, чынында, той топурларда кайдагы ысырапкорчулук? Кайсыл бетибиз менен ошондой дейбиз? Биринчиден, колунда барлар гана, шартына жараша ар кандай жакшылыктарда, маңдайлары жарыла кубанышып, даярдык көрүшүп той беришет. Көбүнчөсү ресторан кафелерде. Дасторкондун көбүн өздөрү сатып келишет жер жемиш, таттууларын ичимдиктерин. Андыктан, соода-сатык болуп жатат. Кыргыздын көбү базарлар аркылуу үй бүлөсүн багып келишет. Өзгөчө, кыргыздын айылдан келген жаштары, көбүнчө студенттер ресторандарда официант болуп иштешет.
Алар ошол жактан тапкан акчасына кийинишет, окуусун, ижарасын төлөшөт, буттарына турушуп үйлөнүшөт. Демек, той-топур бул жашонун кыймылдаткычы. Ошол той-топур аркалуу карым-катнаш үзүлбөй, кыргыздын каада-салты сакталып келет. Канчалык чачылсак ошончолук пейилибиз кеңейип, берекеси төгүлөт. Тойдон алып келген баштыктарды үйдөгү бала-бакыра неберелер жеп, сүйүнүшөт. Анан кайдагы ысырапкорчулук? Айрымдар дасторкондон өздөрүнүн ырыскысын алышпай калтырса, аны ал жакта иштегендер бөлүп алышат. Алар кимдер, ошол эле чала тоют өзүбүздүн студенттер.
Ал эми, өлүм-житим жамандыкта, кыргыздар ага-тууган, жек-жат, куда-сөөк, достор, жакын ымалаш жана санаалаш тааныштардын ортосундагы калыптанып калган кошумчалар. Аласа-береселери бар. Акчалай же малы менен. Андыктан, алар кезектешип, бири кара ашын, экинчиси кыркылыгын, үчүнчүсү бир жыл өткөндөн кийин ашын көтөрүшөт. Кыздары болсо дасторконго коюлган дүрдүйнөсүн жүктөнүп алып келишет. Келиндер камыр ачытып, боорсокторун, жигиттер малын союп, отун калап этин түнү менен бышырышат. Ансыз өлгөндүн аза күтүү зыйнаты кантип болсун? Ансыз сөөктү итти көмгөндөй эле, шашылып жерге жашырып, ошол эле мүрзөдөн тарап кетмейге айланып калабы?
Дасторкон жайылбаса, кур дасторконго кантип куран түшсүн? Эскерип кошок айтылбаса, өкүрүп бала-бакыра, кайын журт түшпөсө, анда кайдагы өлгөнгө карата сый-урмат? Арбир өлгөндүн анын жашоодогу пейилине жараша ырыскысы болот. Карылар камдап койгон мал-жаны, каражаты бар. Андыктан, кайдагы ысырапкорчулукту оңбогон чыккынчы молдолор ойлоп табышып, ажону чүлүктөшүп, кыргыздын каада-салтына балта чаап жатышат? Кыргыздын ыйыктыгына, салтуу нарктуулугуна уу сээп жатышпайбы бул ашынган арамдар. Ал эми...
Ал эми, иш жүзүндө, накта ысырапкорчулукту бул жүздөрү куруган саткын чыккынчы динчилдер жасап жатышат, башка элдин салтын бизге ажо аркалуу таңуулашып. Же болбосо, андай эмеспи калайык калк?
Мелис Арыпбек эркин журналист, жазуучу...
Булак: NazarNews.kg