www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-мартта "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында сүткорлук ишти чектөөгө багытталган мыйзамдын аткарылышы талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Талкуу маалында депутат Шаирбек Ташиев насыя берүү жана ишкерлерди колдоо жаатындагы маселелерге токтолуп: “Жеңилдетилген насыялар дыйкандарга гана берилип, ишкерлерге сунушталган жок. Анткени Финансы министрлигинде ишкерлер үчүн өзүнчө Финансылык-насыялык фонд бар. Бирок анын каражаты ири компанияларга гана бөлүнүп, бат эле түгөнөт. Жөнөкөй, карапайым элге жетпейт”, – деди.
Ошондой эле “Айыл банкта”, “РСК банкта” жана “Керемет банкта” кардарлар үчүн тийиштүү шарттар каралбаганын айткан эл өкүлү: “Бир шаарда бир гана филиалы иштегендиктен, насыя алгандар да, пенсия алгандар да катар туруп, кезек күткөндөр көп. Маселен, Жалал-Абад шаарында ушундай көрүнүш көнүмүшкө айланган. Ал эми коммерциялык банктар бардык жерде бөлүмдөрүн ачып, банкоматтарын орнотуп койгон. Муну менен катар кызматкерлеринин айлык маянасы да жогору. Андыктан аталган маселеге көңүл буруп, мамлекеттик банктардын бөлүмдөрүн бардык жерде ачып, банкоматтарын да көбөйтүү керек. Ошондо атаандаштыкка туруштук берет, насыялардын пайызы төмөндөйт. Анткени, азыр мамлекеттик банктар жана каржылык уюмдар коммерциялык жеке банктар менен атаандаша албай келет”, – деп кошумчалады.
Андан тышкары Ломбарддардын иши жөнүндөгү мыйзам тууралуу да сөз кылган Шаирбек Ташиев: “Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүндө зайымчы күрөөгө коюлган мүлккө карызын өндүрүп алуу милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, ломбарддын талаптары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык соттук же соттон тышкары тартипте жүзөгө ашырылаары белгиленген. Бирок бул туура эмес. Соттон тышкары деген эрежени өзгөртүп, жалпы эле аталган мыйзамдагы талаптарды жаңылоо шарт”, – деди.
Булак: NazarNews.kg