www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11 жылга соттолгон Казакстандын мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулыга башка эки иш боюнча кайра өкүм чыкты. Бул тууралуу Астана соту билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурдагы жетекчи «Дипломат» мейманканасындагы рейдерлик жана «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы» эл аралык көргөзмөсүн уюштуруудагы жемкорлук үчүн да соттолду.

Жаза мөөнөтү буга чейинки өкүмдөрдүн салмагына жараша кайра эсептелип, ошо бойдон 11 жыл деп калтырылды жана ал мамлекеттик кызматка эч качан дайындала албай турганы белгиленди.

Тергөөчүлөр Мухамедиулы жемкорлукка министр, андан кийин Улуттук музейдин директору болуп турганда барганын, 2017-2019-жылдары кол астындагы кызматкерлер менен алдын ала сүйлөшүп алып эл аралык көргөзмө долбоорун ишке ашырууда 1,5 миллиард теңгенин уурдалышына жол бергенин билдиришти.

2023-жылдын июнь айында ал Улуттук музейдин директору болуп турганда мамлекеттин акчасын эпсиз короткон деген негизде сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Быйыл 13-февралда өзгөчө чоң өлчөмдө пара берүүгө аракет кылган деген айып менен дагы үч жыл кошулган.

Мухамедиулы Казакстандын Маданият жана спорт министрлигин 2014-2019-жылдары, өлкөнү Нурсултан Назарбаев башкарып турган кезде жетектеген. Анын тушунда кино, музей, театр жана спорт тармагында ар кандай талаш-тартыш жаралган. 2016-жылы Мухамедиулыны «сексуалдык шантажга» да айыпташкан. Ал өзү коюлган айыптардын баарын четке каккан.

Арыстанбек Мухамедиулы 2016-жылы министрлик кызматты аркалап турганда кыргызстандык кыздар мекенинде жумуш жок болгондуктан Орусияда даараткана тазалап жүргөнүн, муну жазуучу Чыңгыз Айтматов мурун эле билип, эскерткенин айткан. Анын бул сөзү Кыргызстанда да, Казакстанда да талкууга түшүп, сынга алынган. Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер "маданияты жок министрдин айткандары" үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. Мындан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нааразылык нотасын жолдоп, мурдагы жетекчи кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости