www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогулда адам өлтүрүүгө шектүү үчкиши кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Окуя 28-февраль күнү саат 13:57 чамасында катталган. Анда Токтогул районундагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон 35-40 жаштагы адамдын сөөгү табылган.

Милиция ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп, Токтогулдун 40 жаштагы жана Таластын Бакай-Ата районунун 35 жана 36 жаштагы тургундарын кармаган.

“Алар көрсөтмөсүндө спирт ичимдигин ичип отурганда сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп сабап коюшканын, андан кийин окуя болгон жерден кетип калышкандыктарын билдиришкен”, - деп жазылган маалыматта.

Факты райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости