www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Россия менен стратегиялык сүйлөшүүгө кызыкдарбыз дегени — демагогия. Бул тууралуу Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда билдирди.
Ал АКШ бийлиги ушу тапта өлкөгө карата ачык эле душмандык кылып жатканын белгиледи.
"Алар согуш талаасында биздин жеңилишибизди каалап, ошол эле учурда стратегиялык туруктуулук боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк болуп жатышат. Мындай эки жүздүүлүк боюнча мисалдар көп. Соңку мезгилде дарегибизге ар кандай айыптоолор айтылууда. Россия космоско өзөктүк куралды жайгаштыргысы келет деген куру кеп. Бул бизди өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон сүйлөшүүлөргө аргасыз кылуу аракети. Ошол эле учурда космоско өзөктүк куралды жайгаштырбоо боюнча биздин сунуштарыбызды 15 жылдан бери бөгөттөп келишет. Демек, АКШ бийлигинин биз менен стратегиялык сүйлөшүүгө кызыкдарбыз деген билдирүүсү — демагогия, шайлоонун алдында элге, дегеле баарына мурдагыдай эле дүйнөнү башкарып жаткандай көрүнүү далалаты. Өздөрү үчүн пайдалуу болсо — сүйлөшөт, пайдасы болбосо талкуулай турган эч нерсе жок деп, бизди жеңүүгө аракет кылышууда. Мындай болбойт. Биздин позиция башка. Дүйнөдөгү коопсуздук сыяктуу маанилүү маселе комплекстүү каралышы керек. Анын ичинде биздин улуттун кызыкчылыгы жана коопсуздугубуз эске алынышы абзел", — деген Путин.
Кайрылууда өлкө башчы Батыш Россияны алсыратууну көздөй турганын, кооптуулук жараткандар тийиштүү жооп аларын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg