www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясы кызматкерлерди жана эмгек чөйрөсүндөгү башка адамдарды, анын ичинде жалданма кызматкерлерди, ошондой эле кесиптик даярдыктан өтүп жаткан иштеген адамдарды, анын ичинде стажерлорду жана окуучуларды, волонтерлорду иш мезгилинде келип чыккан, ишке байланыштуу же ишке байланыштуу келип чыккан зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө байланыштуу кырдаалдардан коргойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости