www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 29-февралда Федералдык кеңешке кайрылуусунда КМШда орус тилин жайылтууну күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу “Lenta.ru” басылмасы жазды.

Путин өкмөткө орус тилин жана орус маданиятын жайылтуу жаатындагы программаларды каржылоону тапшырганы белгиленген.

«Өкмөттөн орус тилин жана биздин көп маданияттуу маданиятыбызды жайылтуу жаатындагы эл аралык программаларды каржылоону көбөйтүүнү суранам. Биринчи кезекте, албетте, КМШда жана бүткүл дүйнөдө», - деди орус лидери.

Ал расизмдин, улуттук артыкчылыктын башка түрлөрү сыяктуу эле “адамдын көзүн сокур кылып, акылынан ажыратат” деген орусфобия тууралуу да айтып өттү.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилери орус тилин басмырлоого жол берилбей турганын баса белгилеп, орус тилин өнүктүрүүгө убада беришкен.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкөнү чыңдоону орус тилин өнүктүрүүнүн жана орус тилдүү калкты коргоонун эң натыйжалуу жолу деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости