www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Жамбыл областында жергиликтүү тургундар арасында болгон жаңжалдан сегиз адам каза болгонун расмий кабарлады. Андан сырткары 40 адам өрттөн жабыркаган. Министрдин берген маалыматына караганда айылдаштардын арасындан чыккан жаңжал 7-февралда кечки саат 19:00 дө башталган.

“Алгач ызы-чуу социалдык тармакка тарап, ызы-чуу чыгарган чакан топ жарандарды жардамга чакыра баштаган. 300 гө жакын  адам келип, алар бири-бирине таш ыргытып, курал-жарак да колдонушкан”, - деди Казактсандын Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев.

Жаңжалдын кесепетинен жыйынтыгында 8 адам каза тапса, 40 дан ашуун адам жарадар болгон. Бизге жеткен такталбаган маалыматтарга таянсак, каза болгондордун арасында полиция кызматкери бар. Жалпы 30 дан ашуун үй, 23дан ашуун унаа күйүп кеткен. Учурда 47 адам кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Эске сала кетсек, 7-февралда кечке маал Жамбыл облусуна Кордай аймагына караштуу Масанчы айылында жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыгып, полициянын күчү менен ызы-чуу токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости