www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Кожобек мырза, экономика жагын тейлеген жаңы вице-премьер-министрдин дайындалышы, вицелердин кээ бир милдеттери бири-бирине ооштурулушу боюнча пикириңиз кандай?

-- Вице-премьерди дайындоо – бул өкмөттүн жумушу. Аткаруу бийлиги өздөрү ичинен чече турган иш. Депутаттар аткаруу бийлигинин жумушуна көп кийлигишпешибиз керек. Биз кээ бир кездерде ашкере кийлигишип кетип атпайбызбы. Биздин милдет – мыйзам жагын кароо. Айылдардагы, райондордогу көйгөйлүү маселелерге ылайыктап мыйзам чыгаруу. А биз шайлоолордо көптөгөн нерселерди убада кылып ийебиз, өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздын чегинен чыгып. Аткаруу бийлигинин жумушуна кийлигишип кетип атабыз, “жол салып беребиз, көпүрө салып беребиз” деп. Бул туура эмес негизи. Вицелердин милдеттерин бөлүштүрүү дагы өкмөттүн өзүнүн жумушу. ЕАЭБ менен иштөөнү жаңы вице-премьерге жүктөп атканы, менимче, туура эле. Себеби, Эркин Асрандиев ошол тарапта көп иштеген. Банк менен иштөөнүн да көп жолдорун билет. 

-- Бирок, бая күнү комитеттегилер Асрандиевге “али балалыгы кала элек” дегендей пикир айтышты го?

-- Каяктагы бала?! Элүүгө келейин деп калды. Баланы байлап коюптурбу?!

-- Эгемендик күнүндө сууга сүзүп кеткенин айтып жатышат... 

-- Ал эми спортивный да. Сүзө берет да. Сүзө берсин... 

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости