www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Президенти Касым –Жоомарт Токаев Кыргызстандагы абалга абай салып турат. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Берик Улан өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.   “Казакстандын Президенти Кыргызстандагы болуп жаткан окуяга кылдаттык менен көз салып жатат. Мамлекет башчысы кошуна мамлекеттеги болуп жаткан окуя Кыргыз Республикасынын ички иши деп билдирди. Касым-Жоомарт Токаев кырдаал мыйзам чегинде кырдаал жөнгө салынаарына үмүт артат”, - деп жазылган шилтемеде.

Эске сала кетсек, кечээ 7-августта Кой-Таштагы окуядан улам 48 адам жараланган. Бир жоокер каза таап, милиция кызматкери Самат Курманкулов оор абалда.   

Болуп өткөн окуяга кылмыш иши козголду. Кошумчалай кетсек, Атамбаев түштөн кийин Ак үйгө бастырып келе  тургандыгын айтты. Атамбаевдин бул кадамыны ИИМ азырынча жооп айта элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости