www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Баланы башынан, келинди жашынан”-дейт, УКМКнын төрагасын деле башынан болсо керек. УКМКнын төрагалыгына жаңы эле келген Опумбаев биринчи жолу опурулду эле жоокерлери жараат алып, алды аркы дүйнөгө узады. Негизи жолу кандуу башталды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы «Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралдуу каршылык көрсөттү» деп билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, «тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу» керек экенин белгиледи.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кой-Таштагы окуяда жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жетти. Дарыгерлер Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор экенин айтып жатышат. Жалпы кайрылгандардын 20сы үйүндө дарыланып жатат.

Булак: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости