www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын ала айткан буга чейин Кой-Ташта мылтыктын үнү угулуп жатканы тууралуу маек берген эле. Так ушул таптарда Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттиген байланышка чыкты.   

--Окуя курчуп кетти. Мен буга чейин Кой-Ташта мылтыктын үнү угулуп жатканын айткан элем. Бийлик 3 күндүн ичинде ыкчам чечим чыгарышы керек. Эгерде тез чечим чыгарбаса ортодо кара күчтөр аркылуу чоң тирешүү башталат. Атамбаев артка кайтпайт. Атамбаевде колдоно турган күчтөр бар. Бул киши терс оюнан чечименен кайтпаса, залакасы биринчи элге анан өзүнө тиет. Жээнбековду жок кыламын деген принципте турат. Ал өзүн ойлобой элди ойлошу керек. Бийликтегилердин айрымдары тымызын Атамбаевге иштеп баштады. Бул окуянын артынан үч адам кызматтан кетет. Эң өкүнүчтүүсү ушул окуядан кийин көп мамлекеттер Кыргызстандан кол шилтейт. Кырдаал курчуйт, экономика артка кетет. Кыргыз эли тынчтыкты биринчи орунга койсо жакшы болот эле, - деди Света Тойгонбаева.

Эске сала кетсек, кечээ 7-августта Кой-Таштагы окуядан улам  48 адам жараланган. Бир жоокер каза таап, милиция кызматкери Самат Курманкулов оор абалда.   

Болуп өткөн окуяга кылмыш иши козголду. Кошумчалай кетсек, Атамбаев түштөн кийин Ак үйгө бастырып келе  тургандыгын айтты. Атамбаевдин бул кадамыны ИИМ азырынча жооп айта элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости