www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз кинематографисттери 1,5 миллион долларга эле өтө маанилүү жана кызыктуу "Курманжан датка" тасмасын тарта алышты. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак тилин өнүктүрүү тууралуу "Ана тілі" ("Эне тили") гезитине маек берип жатып айтты.

Материал 25-июнда жарыяланган. Президент казак тилинин абалы жана өнүгүшү тууралуу суроого жооп берип жатып, телекөрсөтүү жана радио берүүлөрүнүн мазмунун өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, тилди өнүктүрүү боюнча коңшу мамлекеттерден үлгү катары ала турган нерселер көп экенине токтолду.

"Тилди жаңы муунга үйрөтүүдө кинематографтын ролу чоң. Мисалы, кыргызстандык кинематографисттер болгону 1,5 миллион долларга эле өтө маанилүү жана кызыктуу "Курманжан датка" тасмасын тартышты.  Биздин кинорежиссёрлор бюджеттен кыйла көп каражат сурап жатышат, бирок фильмдердин сапаты ар дайым эле жогору боло бербейт. Тилекке каршы, азыр кино коомчулугу жемиштүү чыгармачылыкка тоскоол болгон ички карама-каршылыктарга туш болду", — деди Токаев.

Эске сала кетсек, «Курманжан Датка» — «Алай ханышасы» аталган Курманжан Датка тууралуу көркөм, тарыхый, биографиялык драма, режиссеру — Садык Шер-Нияз

Бул тасма Кыргызстандын эң кымбат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тапшырылган биринчи тасмасы. Тасмада кыргыздын улуу ханышасы Курманжан Датканын жашоосу тууралуу баяндалат. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы 22-августта Монреаль кинофестивалында болгон. Ал фестивалдын Focus on World Cinema программасынын конкурстан тышкаркы көрсөтүүсүндө белгилүү маданий портал болгон CULT #MTL басылмасы тарабынан The Best of the World Film Festival 2014 тизмегине кирген. Сатыкка 2014-жылдын 31-август күнү, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата чыккан. Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясына сунушталган. Мындан тышкары Орусиялык «Ника» киносыйлыгына да көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости