www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан “Ак үйдөн алдынанкезигебиз” деп билдирүү жазып чыкты.

“Сыртта болуп, жаңы шаарга келдим. Сөз эркиндигин чектөөгө байланыштуу мыйзамдын ЖКда каралып жатканы, элдин күчү менен жеткен эркиндигибизге болгон чоң сокку. Тынч турган элди козгоп, тим койбоптурсуңар.

Мыйзам кабыл алынса, Ак үйдүн алдында кезигишебиз!”,-партиялидери жазып чыкты.

25-июнда Ак үйдүн алдында сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы пикет өттү. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси акыркы күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен.

Алардын айтымында, эгер парламентте талкууланып жаткан "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө"  мыйзам кабыл алынса, интернетте өз пикирин ачык айтып чыккан адам экстремист деп таанылып, ага чара көрүлүшү ыктымал экенин белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости