www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк бир гана Кошмо Штаттарга гана баш ийүү саясаты, Орусия менен Кытайга көп полярдуу саясат жүргүзүү үчүн жол ачкан. Крымга унчуккусу келбей, Казак элинин тʏндʏгʏн Орусияга тарттыргысы келбеген алгачкы президент Назарбаев менен Лукашенко Москва менен Бажы Союзуна бириккен. Буга Бишкек, Ереван кошулду. Азырынча Жириновскийге окшогондор Госдумада кыйкырып, жер-жерлерде паспорт таратылып жаткан Казак элинин түндүгү тууралуу үн-сөз жок. Орусия Крым республикасын кошуп жаткан учурда, ал учурдагы президент Нурсултан Назарбаев генералдар менен кеп-кеӊеш кылыш үчүн шашылыш кеӊешме өткөʏп жаткан. Бул кеӊешмеде ал бир топ идеяларды сунуш кылган.

1. Казакстанды Казак эли - Казактар мамлекети деп атоо.

2. Казак элин түбөлүктүүлүктүн эликсири катары, өлбөс-өчпөс кылуу максатында «Мангилик эл» - «Тʏбөлʏк эл» концепциясын иштеп чыгуу.

3. Орус графикасынан аӊ сезим менен маданиятты сактап калуу үчүн латынга өтүү.

4. Мындан тышкары Нураке пантүркчүлдөр кыймылын колдоого алды. Ал өзүн Туу көтөргөн лидери катры көрʏп, тʏрк элин биригүүгө чакырып, бир аз мурун катуу сынга алынган пантүрктөрдү катуу колдой баштады.

Учурдагы Украинадагы жаӊжал Орусиянын ал –ахыбалын дүйнөлүк деңгээлде бир топ алсыратып койгон. Кечээки 1917-жылга Орусия империясынын карамагындагы Финляндия, Польша эбакта тескери карап кетсе, 1991-жылга чейин он беш республиканын бири болушкан Латвия, Литва, Эстония бир топ жылдан бери Евросоюзга киришип, эми ал тарапка Грузия, Молдавия жулунуп турушса, Украина бул союзга кошулабыз дешип, дагы бир революция жасап 2014-жылы Януковичти кууп чыгышкан. Ал эми Азербайжан чет мамлекеттен түшкөн инвестициянын 80 пайызын мамлекетке берип, абдан жогорку көрсүткөч менен КМШда алдыда баратат. Карабах үчүн салгылашта Азербайжан Түркияга таянып жеңишке жетишкен. Бул азыркы учурда Арменияда чыңалууну күчөтүп турат. Борбордук Азияда тʏркмөн кошуналар газ байлыгы менен кѳпчʏлʏктʏн кѳзʏн кызартып турса, ѳзбек ашыналар Анжиянда миӊдеген адамдын автомат менен кырып салса да, Вашингтон менен алака жʏргʏзʏп, НАТОнун курал-жарагын алгысы келет. Бирок, баары бир Орусиянын көп тараптуу дүйнөлүк биринчилик үчүн ат салышуусу көп маселелерде Орусияны алдыга түртүп жатат. Орусиянын улутчул депутаттары Казакстан тарапта жерлерибиз бар деп маалымат беттеринде чыгып жатышы,Казакстанды кооптондуруп жатат. Нур-Султан менен Москва Бул жагдайда тил табышып турат, анткени, официалдуу Москва тарапта жер тууралуу эч кандай сөз жок, бирин-экин адамдардын Казакстан менен чектеш алты облуска көз артып турганы болбосо. Казакстандын латын алфавитине өтө турганы гана орус саясатчыларын сестентип турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости