www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы Мамлекет башчысынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берди.

«Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге Мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган баардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», - деп белгиледи Галина Байтерек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости