www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан Казакстанга алтын жасалгаларын мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынан 10 млн 200 миң сомдон ашуун суммадагы, тиешелүү документтери жок жүк кармалган.
Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети айдоочунун кабинасынан — 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.А. уулуна. таандык 3 кг. 648 гр. алтын жасалгаларын табышкан.
Ювелирдик жасалгалар – сөйкөлөр, шакектер, билериктер, чынжырлар жана кулондор 10 кутучага салынып, отургучтун астына катылган сумканын ичинде болгон. Айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес.
Алдын ала баалоо боюнча товардын жалпы суммасы 10 млн 214 миң 400 сомду түзгөн.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Булак: NazarNews.kg