www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, саясаттагы табышмактуу жагдайлар боюнча баарлаштык.
-Каныбек агай, эки ача пикир жараткан маселеге чекит коюлуп, Садыр Жапаровдун премьер-министр болгону легитимдүү болдубу?
-Ооба. Мыйзам боюнча баары туура болду. Бирок, моралдык жактан ЖКнын өлкөдөгү кырдаалды митайымдык менен илип ала койгону элдин кыжырын келтирип жатат. Ушул эле парламент 2 жолу ар кандай форматта Садырды шайлашты эле го? Мунун артында чоң саясат жатат. Президенттин 7-чакырылышка фаворит болгон партиялары жеңишке жетишти десек болот.
-Мындан ары Садыр Жапаровдун иштешине шарт түзүлөбү же эки жүздүү депутаттар дагы оюндарды баштайбы?
-Садыр Жапаровдун легитимдүү премьер - министр болгондугун эми эч ким тана албайт. Ага Жапаров өзү жана эл жол бербейт. Маселе башкада. Мен бул ЖКга түк да ишенбейм. Алар эртең эле сасык оюндарды башташат деп турам. Алар ЖКнын көпчүлүк коалициясын таркатып жиберип туруп, Садыр мырзаны командасы менен отставкага кетирип коюлары мүмкүн. Анда эл дагы көтөрүлөт. Депутаттардын бир эле максаты бар. Ар кандай жол менен кайрадан парламентке келүү. Ал шайлоодо Жапаровдун командасы негизги оюнчу болот. Ошондуктан аны шайлоого жакындаган кезде сөзсүз алсыратууга аракет кылышат.
-Айтмакчы, неге Мыктыбек Абдылдаевди президент баштап куттуктаганына карабай, кайра Канат Исаев спикер болуп алды? Исаев мамлекетти башкарууну колго алсам деп жанталашып жаткан жокпу?
-Биздин Кыргызстанда татыктуу мамлекеттик кадрлардын кадыр-баркын баалабай жүрүп ушундай кризистерге кептелип келебиз. Бул эл үчүн чоң трагедия. Мыктыбек Абдылдаев эң күчтүү мамлекеттик ишмер. Акылдуу, билимдүү, эң башкысы адилеттүү инсан. Ал кишини азыркы шартта колдоп-буттап көтөрүп иштетиш керек эле. Өлкө мындан утмак. Билимсиз жулунгандар дагы ал кишинин айланасынан жоголушмак. Парламент аз мөөнөткө болсо дагы тазаланмак. Мен Канат Исаевди сыйлайм. Ал дагы азамат жигиттердин бири. Менимче, президент тарабынан Канат мырзага өзгөчө тапшырма берилет окшойт. Аны жакында эле билебиз.
Булак: NazarNews.kg