www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү болгон баш аламандык учурунда жарадар болгон милиция кызматкерлерине барып келишти.Бул тууралуу аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ар кандай жаракаттарды алган 621 милиция кызматкерлери медициналык жардам алып жатат. Алардын ичинен 176 кызматкер стационардык түрдө, 446 кызматкер амбулатордук дарыланууну алууда.

Ал эми ИИМдин Бейтапканасында 46 милиция кызматкери дарыланууда. ИИМдин Коомдук кеңеши өздөрү менен кошо алып барышкан минералдык суусундуктарды, 150 бет кап, жеке коргонуучу каражаттарды, кол каптарды милиция кызматкерлерине тапшырышты. Бейтапканага барган учурунда жабыр тарткан милиция кызматкерлери Коомдук кеңештен бир катар маселелерди чечүүгө көмөктөшүп коюну айтышты: кенемте төлөө, жеке лабораторияларда акысыз анализдерди тапшыруу.

Белгилей кетсек, коомдук кеңештин мүчөлөрү ИИОнун бардык кызматкерлерине моралдык жана укуктук жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Ошондой эле ИИМдин Коомдук кеңеши жалпы кыргыз элине кайрылып, республикада мыйзамды жана конституциялык тартипти сактоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости