www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламенти пенсиянын жана жаңы төрөлгөн балдарга бир жолу төлөнчү жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бул максаттар үчүн республикалык бюджеттен быйылкы жылга 260 миллион доллардан ашык каражат каралган. Өлкөдө пенсиялар менен жөлөк пулдар 1-июлдан тарта жогорулайт.

Жыл башындагы жогорулатууларды эске алганда, пенсиялар 2016-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйөт. Долбоорго ылайык, пенсиянын минималдык өлчөмү 45 711 тенгеге (болжол менен 150 долларга), орточосу 66 776 тенгеге (214 доллар) жетет.

Ушул жылдын 1-июлунан тарта бала төрөлгөндө берилчү бир жолку жөлөк пулдун көлөмү 20 пайызга көбөйөт. Маалыматка караганда, биринчи, экинчи жана үчүнчү наристе жарык дүйнөгө келгендер ыроолончу төлөм 86 222 тенгени (275 долларга жакын), төртүнчү жана андан кийин төрөлгөн балдар үчүн 142 947 тенге (болжол менен 456 доллар) берилет.

Казакстанда эркектер 63, аялдар 58 жашында пенсияга чыгышат. 2018-жылдан тарта аялдардын пенсия курагы жыл сайын алты айга узарып турат. Ал 2027-жылы, алардын пенсия курагы 63 жашка жеткенде токтойт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости