www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сивастын Хафик районунда Пусат  -  Өзен суу сактагычынын астында калган мечиттин мунарасы суу деңгээлинин  төмөндөшү менен ортого чыкты.

Райондун борборуна 25 километрдик аралыкта жайгашкан Пусат айылы Мамлекеттик суу чарбачылыгы тарабынан 2009 -  жылы Пусат дарыясы жана Маденкөй өзөнүнүн үстүнө сугат иши үчүн курулган Пусат  -  Өзен суу сактагычынын айынан толугу менен бошотулуп 5 километрдик жогору жакка көчкөн.

Айылдагы үйлөр менен мечит  суу астында калды. Суу астында калган мечиттин мунарасы, суунун деңгээли  төмөндөшү менен ортого чыкты. Катуу сууктан улам суу сактагычтын бети муз менен капталып, мечиттин мунарасы да кооз көрүнүштү  пайда кылды.

Үйлөрү суу сактагычтын суулары астында калган айылдыктардан 80 жаштагы Али Ихсан Жөрүт аймакта ашыкча суук абанын таасири атында экендигин жана мунун натыйжасынд суу сактагычтын бетинин толугу менен тоңгондугун айтты. Температуранын  - 20 градуска жеткендигин айткан Жөрүт : «Суу сактагычтын бети толугу менен тоңуп, мурунку отурукташуу жери да муз астында калды»,- деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости