www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, стратиягылык пландоо жана реформалар жөнүндөгү агенттик менен атаандыштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик түзүү жөнүндөгү жарлыктарга Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 9-сентябрда кол койду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ИИМдин (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу), индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин (азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы саясатын жүргүзүү) жана улуттук экономика министрлигинин (мамлекеттик материалдык резервди түзүү) бир катар функциялары берилди.

Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттик реформалардын аткарылышын пландоо, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо иштерин алып барат.

Ошондой эле, атаандыштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик улуттук экономика министрлигиндеги атаандаштыкты коргоо жана монополияны чектөө функцияларын алат.

Казак президенти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен эки агентик түзүлөрүн 1-сентябрда казакстандыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирген. Ал мамкызматкерлер эки жылда 25% кыскарарын айткан.

Казакстанда ИИМди реформалоо тууралуу чакырыктар бир канча жылдан бери эле айтылып келет. Жарандык активисттер менен укук коргоочулардын турган топ атайын сунуштарды даярдап жөнөткөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости