www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутатка талапкер ичинде сахна жылдыздары  сыяктуу  кара пояс тагынгандар баалуу боло башташты. Депутатка талапкер ичинде каратэ боюнча кара поясы бар  № 4 “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жыргалбек Турускуловдун машыкканы мурун каратэ болсо, азыр бодибилдинг, бокс жана футбол. Анын айтуусунда 140 килограмм штанганы ойноп көтөрүп койот.
Ал эми мурунку вице-спикер, азыркы № 1 “Биримдик” партиясынын лидерлеринин бири Төрөбай Зулпукаров самбо боюнча спорттун устаты, кара поястын ээси. Самбо боюнча кара поясы бар Монголиянын президенти аны менен жекеме-жеке чыгууга даяр. Ушул эле партиядан Исхак Пирматов самбо жана дзю-до боюнча алдына киши салбайт.
№ 6 “Ата-Мекен” партиясынан, экс -милиция кызматкери жана экс-журналист, булбулдай сайраса парламенттеги бардык депутаттарын уктаткан Рыскелди Момбеков дзю-до боюнча кара пояска талапкер. Орусия президенти Владимир Путин менен дзю-до боюнча алышкысы келип жүрөт. Эгер дзю-до боюнча кара поясы бар Путинди жеңсе кара пояс алышы толук мүмкүн.
 Депутатка талапкер ичинде дагы  каратэ боюнча кара поясы бар   № 15 “Кыргызстан” партиясынан Дастан Жумабеков бар. Дене тарбиясы институтун бүткөнү үчүн гана Илим жана билим министрлигинин жогорку сыйлыгы “Эл агартуу отличнигине” арзыган Тазабек Икрамов күрөш боюнча кара поястын  ээси. Ал чыгып алып тантырап, тили булдурап сүйлөгөнү менен килемдин үстүнөн Путиндин да, Алтынбек Сулаймановдун да атасын таанытып койот.
№ 13 “Бир бол” партиясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов учурунда  Садыр Жапаровдун мурдун талкалап бокс боюнча кара пояс алса, № 2 “Мекенчил” партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев оңой боксер эмес. Депутатка талапкер, түрмөнүн кожоюну, мурунку ИИМ министри Мелис Турганбаев күрөш боюнча ардагерлердин дүйнөлүк чемпионаттарына катышып коло медалын алып  жүрөт. 
Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков сүзө турган болсо акула, дельфиндер мындай калсын, ал Ысык-Көлдүн Күңгөй жээгинен Тескей жээгине 14 чакырым ойноп сүзүп барат. “Кыргызстан” фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров да дзю-до боюнча машыгып жүрчү. Андан калбай Өмүрбек Бакиров кикбоксинг жана дзю-до боюнча мөөрөй алдырбайт.
Үч чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, экс-акыйкатчы, Баткендеги оор кырдаалдарда көз ирмебестен моджахеддердин уюгуна, Пакистанга барып япондуктар менен генерал Шамкеевди ажалдан сактап, мурдунан сүйрөп азаттыка алып келген Турсунбай Бакир уулу бильярддын мыкты чебери, ал 2013-2016- жылдары бильярд боюнча Федерациянын президенти болуп келген. Учурунда бир нече жолу көз ирмебестен Акаевге каршы президентке талапкер болгон.
Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинде Данияр Тербишалиев бокс, джиу-джитсу боюнча  машыгат. Ал Азия биринчилиги боюнча эл аралык Бириккен Араб Эмираттарына барып джиу-джитсу боюнча биринчи орунду алып келген. Экс-депутат Жыргалбек Саматов учурунда Өзбекстан, Тажикстандан 50 миң киши чакырып той берип, көк бөрү уюштурган, Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев экөө Көк-Бөрү дегенде көңтөрүлүп кетишет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости