www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн 10-сентябрда Кара-Суу районунда болгон.

Маалыматка таянсак, Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө Daewoo Nexia автомашинасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Машинанын ичиндеги 25 жаштагы бир эркек каза болуп, дагы ушул эле курактагы төрт адам жараат алган. Алардын бири ооруканага жетпей, жолдо үзүлгөн.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн машинадан чыгарып, жабыркагандарды ооруканага жеткиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости