www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казарман ооруканасы өпкөнүн жасалма желдеткичке “ИВЛ” ээ болот жана жылытуу системасы жаңыланат. Тогуз-Торо райондук ооруканасы заманбап "өпкөнү жасалма желдетүү" вентилятору “ИВЛ” аппаратына ээ болот, деп Макмал Gold Company компаниясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилей кетсек, компания социалдык пакеттин алкагында Казарман шаарынын тургундарына жардам көрсөтүп жаткан маалы. Коронавирустун COVID-19 жайылышына байланыштуу кырдаалды эске алып, социалдык пакеттеги пункттарды өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Аталган жардамдын алкагында Макмал Голд Компани Тогуз-Торо райондук ооруканасына “ИВЛ” өпкөнү жасалма желдетүү вентилятор менен камсыз кылат, андан тышкары клиниканын жылуулугун жаныртууга 250 миң сом бөлүп берет. Өпкөнү жасалма желдеткен апараттын баасы абдан кымбат жана Кыргызстанда сатылбагандыктан, чет өлкөдөн сатып алынат. Жабдуу заманбап медициналык жабдууларды сатууга адистешкен алдыңкы чет өлкөлүк компаниядан буюртма берилди.

Мындан тышкары, гуманитардык жардам катары, компания COVID-19 бейтаптарын дарылоо үчүн керектүү дары-дармектерди сатып алат жана дары-дармек эритмелерин куюууга каралган штативдер менен камсыздашат.

Эске сала кетсек, буга чейин Макмал Gold компаниясы райондук ооруканага сатып алынган эки түркиялык кычкылтек концентраторун тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости