www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кыргыз жарандары тарабынан кызматкерлерге кол салуу, коркутуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын маалымдады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы саясат мекемеси тараткан маалыматка ылайык, учурда Россиянын Ички иштер министрлиги "WhatsApp" мессенжери аркылуу “Москва шаарындагы кыргыз элчилигинин имаратына кол салууга үндөгөн жарандарды аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Учурда “Москва изилдөө борбору” бул факты боюнча материалдарга психологиялык жана лингвистикалык изилдөөлөр жүргүзүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы менен Орсиянын күч органдары Жазык жана административдик мыйзамдарга ылайык аныкталган жарандарды жоопкерчиликке тартуу чараларын көрөт.

Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Якиманка району боюнча бөлүмүнө кыргыз элчилигинин эки кызматкери жумуш учурунда ден соолугуна башка жарандар залал келтиргени боюнча арыз жазышты. Буга байланыштуу кыргыз жана Кыргызстанда төрөлгөн орус жаранына жазык жана административдик мыйзамдарга ылайык тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанга кайтуу үчүн түзүлгөн тизме түзүү боюнча кыргыз жарандарынан элчиликтин кызматкерлерине коркутуу көп болуп жаткандыктан дипломатиялык мекеме имараттын кайтаруусун бекемдөө ниетин белгилейт.

Коопсуздукту камсыз кылуу, чагымчыл аракеттердин алдын алуу үчүн элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кыргыз жарандарын тартипти сактоо чакырып, мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопко тартыларын эскертти.

Ушул күндөрү Россиядан ондогон мекендештер Кыргызстанга кайтып келе албай жатат. Кыргыз бийлиги чет мамлекеттерден жарандарын атайын тизме түзүп алып келүүгө аракет кылууда. Март айынан бери учак жана автоунаа менен 38 өлкөдөн 20 638 кыргызстандык мекенине кайтып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости