www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин айрым депутаттары тарабынан казинолорду кайрадан иштетүү керек деген демилге көтөрүлдү. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Эмил Токтошев уруксатты борбор калаага эмес, туристтер көп келген алыскы аймактарга берүү керек деген оюн айткан.  

Кыргызстанда казинолорду иштетүүгө уруксат берүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Эмил Токтошев кумар оюндарын туристтер көп келген алыскы аймактарга ачууга болоорун айткан. Бул бюджетке келип түшкөн акча көлөмүн көбөйтмөк. Ошондуктан кумар оюн борборлорун ачып, бирок көзөмөлдү күчөтүшү керек деген оюн айрым мамлекеттердин мисалында айтты.

—Өнүккөн мамлекеттердин баардыгында казино, лотерея ойночу жайлар бар. Бул мамлекетке экономикалык жактан пайда алып келет. Бир гана аны иштетүү жагын катуу көзөмөлдөө керек. Тагыраагы, ар бир каалаган жаран киргендей эмес, байлар, туристтер кире тургандай кылуу зарыл. Ал үчүн мындай жайларды алыскы аймактарга ачса болот. Мен буга Ысык-Көл же Баткен облустарын мисал келтирмекмин.

Жогорку Кеңештин бир канча депутаты вице-премьер-министрди дайындоодо Санжар Муканбетовдун бул маселе боюнча позициясына кызыккан. Анда Муканбетов эгер кумар оюндарына уруксат берилсе, бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүүгө боло турганын, бирок ага тыюу салынган мыйзам эчак эле кабыл алынганын, өкмөт аны так сактай турганын билдирген.

—Биз аткаруучу бийликпиз. Ошондуктан мыйзамды так аткарышыбыз керек. Эгер тыюу салынса биз аны так камсыздайбыз!

Казинолорго кайрадан уруксат берүү демилгеси бүгүн гана эмес, буга чейин дагы бир канча ирээт көтөрүлгөн. Бирок анын артында өзүнүн кызыкчылыгын ойлогондор турганын кумарканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча мыйзамдын демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов «Марал» радиосуна билдирди. Анын кабарлашынча азыркы тапта казиного уруксат берүүнүн кереги жок. Анткени ошол мезгилде бюджетке жылына 500 млн сом түшүп турган. Бул сумманы бүгүн башка ишканаларды ачуу менен деле тапса болот дейт.

—Бюджетке ошол кезде казинолордон жылына 500 млн сом түшүп турган. Бирок зыяны андан эки эсе болгон. Канчалаган үй-бүлөлөр ажырашкан, айрымдар оз жанын кыйган фактылар катталган. Эми казинолорду чектөө менен ачууга уруксат берген күндө деле андан ары жайылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан азырынча кереги жок. Ал эми бул маселени кайрадан көтөрүп жаткандардын менин оюмча башка жеке кызыкчылыктары бар.

Ал эми экономист Кубанычбек Идиновдун эсептөөсүндө казинолорду алыскы аймактарга ачуу мамлекет үчүн өтө пайдалуу. Бүгүнкү күнү өлкө казынасына жылына жок дегенде 1,5 млрд сом түшүп турмак. Ошону менен ички дүң продукциянын 70 пайызын түзүп калмак. Анткени Кыргызстанга жакын Өзбекстан сыяктуу айрым өлкөлөрдө кумар ойноого тыюу салынган дейт.

—Шаардан алыскы аймактарга чек арасын белгилеп, анын иштөө тартибин иштеп чыгып ачса бюджетке көп акча түшмөк. Балким Ысык-Көл менен Нарын облусунун ортосундагы бош аянттарга… Бул жер толук көзөмөлдөнүп турса… Ошону менен бирге келген кишилер көлгө түшүп, тоого чыгып турушмак. Ушундай тартипте иш башталса, бюджетке түшкөн акча көлөмү ИДПнын 70% түзүп калмак. Менин эсептөөмдө жок дегенде жылдык киреше 1,5млрд сомду түзмөк.   

Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагында оюн автоматтарын жана казинолорду иштетүүгө 2012-жылы тыюу салынган.

Булак: "maralfm.kg"

Последние новости