www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында муниципалдык менчиктен шаар казынасы үчүн киреше алуунун көлөмү өсүп жатат. Алсак, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы 1 миллион 718 миң 600 сом киреше көп алынган. Башкача айтканда, 2016-жылы 12 миллион 280 миң 800 сомго киреше түшсө, 2017-жыл ичинде 13 миллион 999 миң 600 сом келип түшкөн.Киреше жагынан план 103,3 пайызга аткарылган.
Бул тууралуу мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жетекчиси Болотбек Джусупбеков билдирди.
Анын айтымында, эң эле көп каражат турак жай эмес багыттагы имараттардын ижарасынан жана шаардагы көрнөк-жарнактардан келип түшүүдө.
- Өткөн жылы турак жай эмес багыттагы имараттардын ижарасынан план боюнча 1 миллион 500 миң сом бекитилген болсо, иш жүзүндө 1 миллион 750 миң 400 сом акча түшкөн. Ал эми шаардагы көрнөк жарнактар боюнча бекитилген план 1 миллион 700 миң сом болсо, 1 миллион 820 миң сом жыйналды.
Тынымсыз рейддердин уюштурулушунун, түшүндүрүү иштердин жыйынтыгы менен биз бекитилип берилген планды ашыгы менен аткара алдык.
Жашоочуларыбыздын да ижара боюнча түшүнүктөрү жакшырды, баштагыдай уруш-талаштар болбой эле өздөрү келип, биз менен келишим түзүп, төлөмдөрдү төлөп жатышат, - дейт ал.
Киреше жагынан план 103,3 пайызга аткарылган.
Булак: NazarNews.kg