www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иши жүрүп жатат.
Аксы РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 14-январь күнү саат 14:00 чамаларында аймактык ооруканага жетпей жолдон Ак-Суу айылынын 40 жаштагы Б.Т аттуу тургуну каза болгондугу аныкталган. Аталган кылмыш ишине шектүү катары 29 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Маалымат боюнча айылдаштар спирт ичимдигин ичишип, ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, жыйынтыгында бирөөсү бычактан оор жаракат алган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, окуянын кандай болгондугу такталууда. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы.
Булак:NazarNews.kg