www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын мүчөлөрү менен спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өткөрдү.
Жыйында үстүбүздөгү жылдын 7–12-апрель күндөрү өтө турган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатын уюштуруу маселелери каралды. Катышуучулар спорттук инфратүзүмдөрдү даярдоо планы, командаларды жайгаштыруу жана логистика, катышуучуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо, коопсуздук чаралары, медициналык камсыздоо, ошондой эле коноктор жана расмий делегациялар үчүн маданий программа тууралуу талкуулашты.
Мындан тышкары, мамлекеттик түзүмдөрдүн, Күрөш федерациясынын жана чемпионатты уюштуруу комитетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү координациялоого өзгөчө көңүл бурулду. Жооптуу адамдар аткарылган иштер жана учурдагы даярдык баскычы боюнча отчет беришти. Ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер белгиленип, негизги уюштуруучулук иштердин мөөнөттөрү такталды.
Жыйындын жыйынтыгында Мамлекеттик агенттиктин директору алдыдагы континенттик мелдешти өз убагында жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Даярдык графигин так сактоо жана мелдештерди эл аралык стандарттарга ылайык жогорку деңгээлде уюштуруу зарылдыгы баса белгиленди.