www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Генерал Ташиевге жакын делген журналист Нургазы Анаркулов чек арада кармалганы маалым болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришкен.
Маалыматка ылайык, Анаркулов бүгүн, 17-февралда, Казакстан менен чектешкен чек арадан Кыргызстанга кирип келе жаткан учурда кармалган.
Расмий тастыктала элек маалыматтарга караганда, ал айрым адамдарды Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү колдоого чакырган.
Билдирүүлөргө ылайык, ал Жогорку Кеңештин айрым мурдагы депутаттарына телефон чалып, алардын айрымдары бул маалыматты ырасташкан.