www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган Көчмөндөрдүн Улуу күрөшүндө жеңүүчү салмак категорияларына бөлүнбөстөн аныкталат.
Көчмөндөрдүн Улуу күрөшү — көчмөн элдердин салттуу бел кур күрөш түрлөрүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген күрөш. Мелдешке башка күрөш түрлөрүндө жеңишке жеткен балбандар гана катышат.
Күрөштүн негизги эрежеси — атаандашты жерге ыргытуу. Мелдеште упай же балл эсептелбейт. Натыйжалуу жасалган ар бир ыргытуу жеңиш катары саналат.
Мелдештин жыйынтыгында бир гана абсолюттук жеңүүчү аныкталат. Ага «Көчмөндөрдүн Улуу балбаны» наамы ыйгарылып, анын ысымы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Улуу жеңүүчүлөрүнүн китебине алтын тамгалар менен жазылат.
Мелдештин эрежелери көчмөн элдердин салттуу күрөш түрлөрүнүн негизинде түзүлүп, анда алардын тарыхый жана маданий баалуулуктары чагылдырылат.