www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кел-Сууда жаратылышты булгагандарга айып салынды

Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылыш аймактарын коргоо максатында рейд өттү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулуп, ИИМдин, Туризм департаментинин, Чек ара кызматынын, ӨКМдин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Рейд учурунда айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгышы жана унаалардын жайыттарга ээнбаш кирип, өсүмдүктөрдү тебелеп-тепсегени аныкталды. Натыйжада 5 протокол түзүлүп, 22 миң 500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, көлдүн жээгинен сууга ташталган жана сууну булгаган эки кайыктын мотору чыгарылды.

Инспекторлор кайык айдоочуларына, унаа ээлерине жана туристтерге экологиялык талаптарды сактоо, жаратылыш аймактарын бузбоо жана унаалар менен белгиленген жолдор аркылуу гана жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Последние новости