www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш өтүп,жадыраган жаздын мезгили келсе да нээгедир жаздан кабар жок. Дарактын бариктери бөртпөй, чөп да чыкпай, жер да карарып, күн бүркөлүп, убайым өңдүү зыркаар шамал согуп, жүрөккө шүүшүн кайгы толот. Анын сыңарындай Биздин өлкөдө да саясий маселелер бышып жетилип, кишилерди ар түрдүү арсар ойлорго салып турат. Күн өткөн сайын президенттик шайлоо жакындап,  тактыга чыгуу кыялы башын эңги деңги кылып, бийлик кумары суусаткан инсандар жөн жата албай туйлап калышты. Кайсы жагына өтсөм оң келээр экен, ким менен болсом ийгилик жылмаят, кандай фокус көрсөтсөм деген эле жандар жүрүшкөндөрү алардын сүйлөгөн сөздөрүнөн айгинеленип турат. Кызык, ошолор эгерде мен президент болуп алсам элиме эмне жакшылык алып келем деп ойлонушат бекен. Аларда эки көз болсо, элдер аларды миңдеген көздөр менен карап, сынап, үмүт кылып  турушканын сезишет бекен. Алардын ар бирин алаканга салып карагандай карап көрүп, сындан өткөрүп, акыбалы канчалык экенин калчап чыгарып коюшкандарын билишет бекен.

Эгерде окуя ушул калыбынан жазбай өнүксө кийинки президент да, премьер министр да сөзсүз КСДП дан  болот, себеби Атамбаевдин соңку жасаган кадамдары аны тастыктап койду. Эгерде андай болтурбайбыз дешсе, анда сөзсүз үчүнчү революция керек, президенттик шайлоо эч качан таза өтпөйт. Мындайча айтканда, шайлоонун сценарийин күн мурунтан түзүп жана ким жеңип чыгаарын аныктап туруп Атамбаевдин колуна карматат улук өкүмдар “Большой брат”. Ал көрсөтмө кыйшаюусуз аткарылат, а Кыргызстандын эли быякта калп эле энең байтал айтышып, тытышып кала берет. Ал адамды аныктап коюш океңдер үчүн текейден арзан иш. Келечектеги президентибиз кыргыздан орусту артык көргөн, Орусияны сүйгөн, орусчаны суудай билген, Американы жек көргөн адам болушу зарыл алар үчүн. Анан дагы ал президент эч качан кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзбөш керек, инвесторлорду Орусиянын эркине жараша тандап алышы керек же таптакыр эле Россиялыктардан башка инвесторду Кыргызстанга жолотпошу керек. Акырындык менен Конституцияны өзгөртүп океңдердин мыйзамдарын байкатпай көчүрүп алышы ылазым. Чындыгында анан ачыгын айтканда кудум ушундай президентти калтырып кеткени жатышат бизге. Атамбаев деле аны кылдым, муну кылдым дейт, кана биздин өлкөгө бир көзгө басар өнөр жай курганы, жок дегенде биргелешкен болсо да машина куруучу завод ачып коё алган жок. Ал каалаган күндө да балким башкалар уруксат беришпейттир балким. Шаан шөкөт, үлпөттөр менен эле чектелип атат бул деле, же анысы менен акыбал оңдолуп кетсе экен бир. Чочоңдошуп “ Кум төрдү” текшерип Кыргызстан алчу пайызды көбөйтө салчубуз кокуй дешти эле, тоготпой эле коюшту го. Келтирген зыяндары үчүн акча да төлөшпөдү, төлөсө да болбогон бир сумма, Кыргызстан алчу кирешенин пайызы деле көбөйбөдү. Кум төрдөгү Кыргызстандын акциясы кагаз эле жүзүндө экен го, бир деле тыйын Канадалыктар бизге бербейт турбайбы.  Менин баамымда “балык башынан сасыйт” демекчи, баары башынан бузулган. Көрсө биз ыйык тутуп сыйынып жүргөн адамдардын бири да Кыргыз мамлекети үчүн эркекче туруп бере алган эмес экен. Макул болбогон, булардын жийиркеничтүү иштерине аралашпайм дегендерди тазалап салышкан тура. Өлкө оор дем алып жатат, бюджеттин таңкыстыгы 27 млрд.сом болсо, тышкы карыз 6 млрд.$ га жетти. Товарды экспорттоо кеп кыла турган деле сумма эмес (курут, сары май ж.б.у.с.), импортубуз башыбыздан ашып кетти. Чек араны болсо жырып кирип эле ээлеп алып атышат, койгула бул Кыргызстандын жери деп койгон адам жок бийлик тарабынан, кайра бул такталбаган жер, анан балан сатып ийсе керек, түкүндүн учурундагы иш  деп кетенчиктешет. Акыбалыбыз жогоруда айтып өткөндөй болсо, мамлекеттин ичиндеги иштер болсо чалды куйду, тышкы саясатта болсо мелжеген жагыбыз туңгуюк. Ушундай маалда Кыргызстанга эрдин эри эле башчы болуп келем дебесе, анча мынчасы ойлонуп калат, а биздин эргулдар катын, эркеги дебей баары “Кудай буйруса мен болом” деп шымаланып турушат.

Бирок, бул көпкөндөр бир нерсени эске албай жатышат. Ушул кыянатчылыктарды жаап жашыргандын акыбети эмне менен бүтөөрүн, кыргыз дагы Улуу Кудай тарабынан бул жарык дүйнөдө жашап жаткандыгын такыр эле элес албай жатышат. Иттин ээси болсо, карышкырдын кудайы бар демекчи, бар ишенгени эле Россия болуп, Кремлди карап намаз окуп калышты го, Кудай Теңирин тааныбай кетишти. Кыргыз элине , кыргыз мамлекетине бийликтегилердин кимиси ак,  кимиси кара экендиги маанилүү эмес, булардын баары кыргыз үчүн кызмат кылбай калышты, демек, өз функцияларын аткарбай жатышкандан кийин булардын кереги жок бизге.

Чындыгында азыркы бийликтин өкүлдөрү улуу актёрлор, элдин көзүнө ушундай бир сцена коюп жатат дейсиң жөн эле ишенип кеткиң келет. Аянттагы өөдүң - дөөдүң сүйлөгөн сөзү, шаан шөкөттүү майрамдары, өзүн чыгармачыл адам катары көрсөтүүсү ажобузду эч качан айыпсыз баладай кылып ийбейт. Анын азезилдей сак, ар бир кадамын ойлонуп таштаарын эң жакшы түшүнөбүз жана анын кайсы мамлекеттин өкүмдарынын өтүнүчүн аткарып бере албай убара болуп аткандыгын эң жакшы билебиз. Өзү айтмакчы баары өз ордуна келип, кыңыр иш кырк жылда да ачылат, ошондо эгер булар Кыргызстанда болсо жазага тартылат. Бирок тилекке каршы булардын бири да биздин ыйык жерибизде кала алышпайт окшойт, себеби алар бул жерди булгашты. Биздин сыймыгыбыз болгон паспорттогу 5 – графаны алып салышты, эң ыйык деп эсептелген конституцияга элдин макулдугусуз кол салышып, ар намысыбызды тебелеп жатат. Туугандар, бул эмнени каңкуулайт, кыргыздардын колунан эмне келмек эле кеңкилдеп кала беришет да дешкениби, же болбосо кожоюнунун айтканын кыңк этпей аткарган маңкуртчулугубу. Эмнегедир акыркы мезгилдердеги бийликтегилердин жасаган иштери өз чөнтөктөрүн толтуруунун эле амалындай сезилет, жакынкы эле аралыкта бир жакка качып кетчүдөй мамиле жасап жатат өлкөбүзгө. Эмне Кыргызстан акча топтоп алып качып кете бере турган жайбы алар үчүн. Башынан эсептесек Жайсаңбаев, А. Акаев, Адиль Тойгонбаев, Н.Танаев, Б. Силаев, К. Бакиев жана башка толуп жаткандар. Булар алып кеткен акчанын суммасын уксак балким төбө чачыбыз тик тураар. Эми ошолордун артынан жылт коёбуз  деп жатышабы азыркылар да ? Жок андай болбойт, токтотуу керек эл ырыскысын жеген арам тамактарды, элди алдаган аферисттердин жазасын берүү керек. Ал мүдөөнү ишке ашыруу үчүн ак менен караны айрышыбыз керек адегенде.

Шамил Карабала уулу

Последние новости